Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы жүк ташуучу каттам ачылды

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы жүк ташуучу каттам ачылды.

Бул тууралуу «Азаттык» билдирет. Жүк ташуучу каттам темир жол жана трасса аркылуу Өзбекстан,

Түркмөнстан, Азербайджан жана Түркия аймагын басып, Казакстанды айланып өтөт.

Бул жол пандемия шартында жана чек аралар жабылган учурда түрдүү чектөөлөрдү

айланып өтүүгө ыңгайлуу. Түркиядан Кыргызстанга азык-түлүк, жеңил өнөр жай товарлары,

курулуш материалдары жана медициналык жабдуулар ташылып келет. Эске салсак,

буга чейин Түркия товарлары Казакстан аркылуу өлкөгө ташылып турчу.