Оштогу инфекциялык оорукананын курулушу 80 пайызга аяктады

Оштогу инфекциялык оорукананын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу novosti.kgге облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Объект колдонууга 15-ноябрда эле берилмек.

 

Бирок каржылоо кечиктирилгендиктен, иштер дагы кечигүү менен жүргүзүлдү. Имаратка суу, электр энергиясы жана жылуулук системасы өткөрүлдү. Учурда анын короосунда таман таштарды жана асфальт төшөө жүрүүдө. Объекттин курулушун аяктоо үчүн дагы 25 миллион сом талап кылынат.