Мугалимдер күнүнө карата Кыргызстандын мыкты мугалими жана мыкты тарбиячысы аныкталды

Мугалимдер күнүнө карата Кыргызстандын мыкты мугалими жана мыкты тарбиячысы аныкталды. “Жылдын мыкты мугалими” наамын Ош шаарынын   №52 мектебинин кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген Илгиз Шамырзаев ээледи. Ага 100 миң сом жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо ыйгарылды.

 

Экинчи орунга Баткенден Бактыгүл Сагыналы кызы, үчүнчүгө Бишкектен Гүлзат Жапарова татыктуу болуп, аларга 80 жана 60 миң сомдон берилди.

 

Ал эми “Эң мыкты тарбиячы” наамына Ош, Нарын жана Ысык-Көлдөгү бала бакчалардын кызматкерлери татып, ушундай эле суммадагы акчалай сыйлык алышты.