Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча берүү суроосун атайын комиссия карайт

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча берүү суроосун атайын комиссия карайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ага ведомствонун 12 түзүмүнүн жетекчилери кирет.

 

Алар ар бир милиция кызматкеринин ишине баа берип, 10-майда чечим чыгарат. Андан кийин, кошумча акы ала турган милиция кызматкерлеринин тизмеси Каржы министрлигине өткөрүп берилет.