Санжар Муканбетов Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Санжар Муканбетов президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 6-майда расмий кабарланды.

 

Муканбетов былтыр декабрдын соңунан бери Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы — Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.