Бишкекте коомдук жайларда чылым чеккендерге айып салына баштады

Бишкекте коомдук жайларда чылым чеккендерге айып салына баштады. Шаардык ички иштер башкармалыгы Кайгуул милиция кызматкерлери менен биргеликте  подъезд, лифт, аялдама жана коомдук дааратканаларда рейд жүргүздү.

 

Анын алкагында, үч юридикалык тарапка жана 20дан ашык жаранга жалпысынан 40 миң сом айып салынды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам сентябрда күчүнө кирди.