Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр киргизилбейт

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр киргизилбейт.

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык, жыл сайын бир нече толкун аркылуу жайылып кете турган коронавирус илдети менен жашоону үйрөнүү зарыл.