Бишкекте Ленин районунун башкы архитектору пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаарындагы Ленин районунун башкы архитектору менен Мамлекеттик картографиянын башкы экономисти камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Айтылган адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (жеке өзү же ортомчулар аркылуу пара берүүгө мажбурлоо) менен айып коюлууда.

Маалым болгондой, Ленин районунун башкы архитектору А. Н. М. менен Мамлекеттик картографиянын башкы экономисти М. Ж. А. экөө коммерциялык жайлардын кожоюндарын «имаратыңды бузуп салабыз» деген сыяктуу коркутуулар менен 2-3 миң доллардан берүүсүн талап кылып келишкен.

 

Ошондой коммерциялык жайдын кожоюну 2 миң доллар сурап жатканын айтып, арыз таштаган. Анын негизинде операция уюштурулуп, кылмышка шектүүлөр сураган суммасынын 1 миң долларын алып жатышканда колго түшүрүлгөн.

 

Ачык булактарда Ленин районунун башкы архитектору Абдырахманов Нурлан Мукаевич экени жазылган.