ӨКМ жарандарды коопсуздук баштыгын даярдап коюуга чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сактыкта кордук жок экендигин эскертип, жарандарды коопсуздук кунжунун даярдап коюуга чакырды.

 

Коопсуздук куржунунда эмнелер болушу керек?

  • документтердин көчүрмөсү, акча;
  • тез жардам кутусу;
  • жай мезгилинде 5-6 литр суу, кыш мезгилинде 3-4 литр суу;
  • консерва, жогорку калориядагы тамак-аш;
  • гигиена каражаттары;
  • запаска кийим, бут кийим, жууркан;
  • радио, батарейкалар, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, фонарик.

Коопсуздук куржуну – асынма сумка (рюкзак) дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу сумканын түрүн тандасаңыз болот.

Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү фонарик жана ышкырык болуусу зарыл.

Ошондой эле куржундун ичинде кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып койгонду унутпаңыз.

Бул байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн сизге ыкчам жардам берүүгө жардам берет.