Бишкекте мектеп директорун тандоо сынагына катышкандардын 62 пайызы босого баллдан өттү

Бишкек шаарында мектеп директорлугу үчүн сынакка катышкан 129 талапкердин 62% же 79у босого баллдан өттү. Талапкерлер 61 бош орун үчүн күч сынашкан. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын «Азаттыкка» айтымында, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду.

 

“Бишкек шаары боюнча 61 мектепке 181 талапкер документ тапшырып, анын 49унун документи жарабай калган. Жалпысынан 131 адам сынакка кирүүгө уруксат алып, бирок тестке 129 киши келди”, — деди ал.

 

Республика боюнча директор тандоо боюнча тестирлөөдө эң жогорку пайыздык көрсөткүчкө 56 жаштагы Эрмек Усекеев ээ болду. Ал 80 суроонун 70ине туура жооп берген. Кыргыз Улуттук университетинин юридика факултетинин деканын орун басары болуп иштеп жаткан Эрмек Усекеев №61 мектеп-лицейин жетектөө үчүн ат салышкандардын бири.

 

Аталган мектептин директору Юрий Низовскийди УКМК 9-августта коррупцияга шек санап кармап, 10-августта сот аны үй камагына чыгарган.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталган. Анын 600дөн ашыгы азыр бош калды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, тестке кирген талапкерлердин 65% суроолорго жооп бере албай калган.

10-20 жыл иштеген жетекчилердин көбү тесттин жыйынтыгы менен өз ордунда калды. Тестке кирүүгө 1371 талапкер мүмкүнчүлүк алган, анын 486сы босого баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

 

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек.