Кыргызстанда кумшекер жетиштүү

Кыргызстанда кумшекер жетиштүү.

Айыл чарба министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги гипермаркеттер чекене сатуу үчүн 50 тонна шекер алышты.

Товар ошондой эле башка дүкөндөргө да жеткирилди.

Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө кант менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат.

Белгилеп кетсек, 27-майда ордо калаадагы бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болгон.

Мунун себебин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы кант заводдору ички чийки зат түгөнгөнүнө байланыштуу бир нече күн иштебей калганы менен түшүндүргөн.