АКШ грин-карта берүүсүн токтотту

АКШ грин-карта берүүсүн токтотту. Президент Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти чет элдиктерге берүүсүн токтотконун жарыялады.

 

Грин-карта берүү азырынча эки айга токтотулду. Бирок коронавирус пандемиясы жана экономикалык абалга жараша убактысы андан дагы узартылышы мүмкүн. Мындай чечимдин негизги максаты-Американын коронавирустан улам бош калган жарандарын жумуш менен камсыз кылуу.