Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу пландалууда.
Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди. Анын айтымында,
учурда аскер кызматкерлери 1 ай кызмат өтөсө, анда алардын маянасы кызмат
өтөгөн жерине карабастан 1,5 ай катары төлөнөт. Кооптуу аймактарда кызмат
өтөгөндүгү үчүн кошумча 1 миң сом төлөнөт. Айлыкты эки эсе көтөрүү сунушу
министрлер кабинетине киргизилди. Андан тышкары, өзгөчө шарттарда кызмат
өтөгөндөргө эмгек акысынын 30 пайызын дагы кошумча каражат катары берүү каралууда.