Бишкекте мобилдик бала бакчалар көбөйүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин районунун акимчилиги №93, 79, 97 мектептердин базасында «Көчмө бала бакча» долбоорун ишке ашырууну улантат.
Аталган долбоор «Жер Ынтымагы» конушунда жашаган 2 жаштан 7 жашка чейинки балдарды камтыйт. Бул жерде бөбөктөрдү 1 саатка калтырууга болот.
Ошондой эле ата-энелер да окуудан өтөт. Долбоор бардык балдарды мектепке даярдоо максатын көздөйт.