Мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлердин саны онго жетти

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 10го жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

 

Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.

 

Добуш берүү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленди.