Аймактарга каттаган таксилер эми эки бекетке бөлүнөт

Аймактарга каттаган таксилер эми эки бекетке бөлүнөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Алсак, Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин багытындагы таксилер Чыгыш автобекетине, Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

 

Буга чейин Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталган. Атайын тосмолор орнотулуп, таксилер турган жерден бошогон жер тилкелери көрктөндүрүлөт. Унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат, — деп айтылат маалыматта.