Маданият жана искусство университетинин ректорлук кызматына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыялайт.

Мекемеден билдиришкендей, документтерди кабыл алуу 26-декабрь саат 18:00дө аяктайт.

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;
2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору, доцент);
3) илимий же илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда 54 жаш курагында оорудан улам каза тапкан.