Ош облусунун аймагында дем алыш күнү эки ирет жер титиреди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрда саат 08:40та очогунда күчү үч баллга жеткен
жер титирөө катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында эки баллга чейин сезилди.
Ошондой эле 19-сентябрда саат 21:21де жер титирөө катталып, Алай районунун
Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.