Юстиция министрлиги жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча дагы бир борбор ачты

Юстиция министрлиги жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча дагы бир борбор ачты. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключинка айылында жайгашат.

 

Борбордун адистери жарандарга юридикалык суроолор боюнча кеп-кеңеш берип, документтердин долбоорлору тууралуу айтып беришүүдө. Кошумчаласак, учурга карата республика аймагында мындай 30 борбор иштеп жатат.