Швейцария кыргызстандагы социалдык мекемелер үчүн 196 жарым миң доллар бөлдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөдөгү Азык-түлүк программасынын маалыматында,
бул каражат Кыргызстандагы 22 социалдык мекемеге жана мектеп-интернаттарына
азык-түлүк алып берүүгө жумшалат. Жардамдын негизинде ар бир адамдын
рационуна 75 киллограм ун жана 8 литр май бөлүнөт.
Бул үч айлык тамак-аш запасын камсыздоого шарт түзөт.