Уставдык капиталы 16 миллион долларды түзгөн Кыргыз – Венгрия өнүктүрүү фонду түзүлөт.
Президент Садыр Жапаров макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго карыз берүү, капиталына катышуу жана
өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылайт.
Фонд эл аралык уюм болот. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.