Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт. Алар Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Адылхан Нурланбеков, Бекзат Орункул уулу жана Бексултан Махмудов.

 

Эске салсак, буга чейин Азия чемпионатында балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль алышкан.