“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 млн сом түштү

“Google салыгы” түрүндө чет элдик компаниялардан дээрлик 189 миллион сом түштү. Жылдын биринчи кварталы боюнча маалымат Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилди.

 

Жалпысынан Салык кызматында 57 чет элдик компания катталган. Өткөн жылы салыктын бул түрүнөн 430 миллион сомдон ашык каражат чогултулган.

 

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга 12% кошумча нарк салыгы киргизилген.