Криштиану Роналду карьерасындагы 60-ирет хет-трик жасады

Футбол жылдызы Криштиану Роналду карьерасындагы 60-ирет хет-трик жасады. Форвард Англия премьер-лигасынын 33-турундагы “Норвич Сити” менен оюнда 3 гол киргизди.

 

Анын стандарттык абалдан киргизген акыркы голу чечүүчү болуп,   3:2 эсебинде “Манчестер Юнайтед” жеңишке жетти. Муну менен 37 жаштагы Роналду карьерасында 60-жолу хет-трикти ишке ашырып, рекорд орнотту.

 

Экинчи орунда   55 хет-трик менен “ПСЖнын” чабуулчусу Лионель Месси турат.