Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен добуш бере алат.
Бул тууралуу БШКдан эске салышты. Комиссиядан такташкандай, өздүктү тактаган башка документтер – айдоочу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аскер билети добуш берүүгө жарабайт. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди.
Добуш берүү аралаш система менен өтөт.