Бишкекте тез тамактануучу жайда чыккан өрттөн бир адам каза тапты

Бишкектеги 6-кичи райондо, Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда өрт чыкканы тууралуу маалымат 15-июнда саат 15:48де түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен өрт 16:45те өчүрүлдү.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына караганда, өрттөн бир адам каза болду.

Маалыматка ылайык, өрт тандыр нан жапкан жерди, дарыкананы жана тез тамактануучу жайды каптаган.

Учурда өрттүн себептери жана кесепеттери да такталууда.

 

Бишкекте акыркы бир жыл ичинде коомдук тамактануучу жайдан өрт чыккан бир нече учур катталды.