“Кумтөр” кенинде дайынсыз болгон эки кызматкерди издөө уланууда. Бул тууралуу ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришти. 1-декабрдан бери кенде иш токтоп турат, жумуштар качан жанданат, азырынча белгисиз.
Эске салсак, 1-декабрда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Алар — тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев. Андан бери жумушчуларды издөөдөн майнап чыга элек.