Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн дээрлик 500 миң доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн дээрлик 500 миң доллар бөлөт.

Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Анын алкагында, 1200гө жакын кары кишилердин жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын жашоо шарттары жакшыртылат.

Долбоор Бириккен улуттар уюумунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Эмгек министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылат.