Баткен облусунда чек ара күчөтүлгөн режимде кайтарылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, аймакта абал туруктуу. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдар алынууда.
18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан 6 адам жабыркады. Анын ичинде ИИМдин ички аскеринин бир кызматкерине жана Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийди. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жай тургун бар.