Чүй облусунун Байтик айылынын мектеп-интернаты уруксаат жок иштеп жатканы аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, лицейдин жетекчилиги уруксааты жок эле
реалдуу режимде окуу процессин жүргүзүүнү өзү чечип, 23-октябрда сабактар баштаган. Эске салсак,
аталган билим берүү мекемесинде кечээ 23 тарбиялануучу ооруканага уулануу менен жеткирилген.
Аларга тийешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда балдардын абалы канааттандыраарлык