Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Садыр Жапаров кызматын өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу жана альтернативалык кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

 

Документке ылайык, 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыра албаган эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат.

 

Ал эми аскердик жана альтернативалык кызматын өтөп бүткөн жоокерлер Куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.