Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сомго, троллейбус жана автобустарда 11 сомго чейин жогорулайт

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кире 15 сомго, троллейбус жана автобустарда 11 сомго чейин жогорулайт.

Долбоорду шаардык кеңеш иштеп чыкты. Андан белгилешкендей, негизги көйгөй жүргүнчүлөрдү ташуучулардын

чыгымдары көп болуп жатканында, ал эми тарифтер 8 жылдан бери өзгөргөн эмес. Иштеп чыгуучулар билдиришкендей,

транспорт каражаттарынын техникалык абалына жарандардан даттануулар түшүп турат. Андыктан жол кире акысын

көтөрүү менен автопаркты жаңылап, жаңы айдоочуларды ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Белгилеп кетсек,

бул акыркы жыйынтык эмес. Тарифтерди өзгөртүү тууралуу процедуралар дагы талкууланат.