Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу аяктады

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу аяктады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы корпуста

жакынкы күндөрү бейтаптар кабыл алына баштайт. Медициналык мекеме

100 орунга ылайык жана ага керектүү жабдуулардын бары орнотулду.

Бардык палаталарда борбордук кычкылтек менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилеп кетсек, объекти тез тургузулуучу конструкция менен тургузулду.

Имарат 2 айга кечигүү менен курулуп бүттү.