Россиянын коомдук уюмдары Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Россиянын коомдук уюмдары Кыргызстанга гуманитардык жардам берди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жардам COVID-19 менен күрөшүү үчүн берилди.

Ал препарат, бет кап, респиратор жана башка медициналык каражаттардан турат. Жүк Ысык-Көл жана

Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлдү. Берилген жардамдын наркы жарым миллион рублден ашат.

Эске салсак, Россия Кыргызстанга бир катар жардамдын партиясын жеткирип берген. Февралда чет өлкөлөрдөн

биринчилерден болуп Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине тест-системаларды жиберген.