Коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон 90 адам обсервацияга
жаткырылды. Алардын арасында ооруга чалдыккандар менен Шаржадан
бир учакта чогуу келгендер да бар. Белгилеп кетсек, бүгүн Кыргызстанда
вирус 70, 62, 43 жаштагы 3 адамдан аныкталды. Алар Сауд Арабиясында
Умра сапарына барып келгендер. Мындан улам, пандемиялык кырдаалга
байланыштуу жарандар гигиенаны сактап, эл көп чогулган
жерлерден оолак болуусу зарыл.