Бишкекте жалпылап көмүр сатуу башталды. Мэрия маалыматына ылайык, отун базаларында көмүр тоннасына 4 миң сомдон сатылып жатат. Ленин районунда 7 база ачылды.
Октябрь жана Свердлов райондорунда бирден. Биринчи май районунун аймагында отун базасы жок, бирок жыл сайын жылуулук сезонунун алдында көмүр сатуу боюнча 20 түйүн ачылат.