Ордо калаанын бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот. “Бишкек суу каналынан” билдиришкендей, таңкы саат 9дан кечки 8ге чейин суу Абдрахманов, Фрунзе, Сүйүмбаев көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектин бириктирген бөлүктө жок болот.
Убактылуу чектөөлөр тармактардагы калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.