Жалал-Абад шаарына жаңы 25 автобус сатып алынат.
Бул тууралуу “Акчабарга” шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу
муниципалдык автобазасынан билдиришти. Унааларды
алууга 16 миллион сом багытталат. Автобустар 2 этап менен алынат,
жакынкы аралыкта биринчи этап менен 5 унаа келет. Белгилеп кетсек,
Жалал-Абаддагы муниципалдык автобазанын автобустары
дээрлик он жылдан бери жаңылана элек.