Унаа жана жолдор министрлигинин 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Унаа жана жолдор министрлигинин 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,

алардын катарында  “Бишкек-Ош” унаа жолу дирекциясынын жетекчиси жана «Сосновка»,

«Кара-Көл» туннель бекеттеринин башчылары да бар. Шектүүлөр автоматташтырылган

система аркылуу айдоочулардан бекитилген тариф боюнча акы алып турган. Кийин

маалыматты өзгөртүп акчанын бир бөлүгүн өздөрүнө чегеришкен. Муну менен

мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 20 миллион сомдон ашты.

Бул схемага тиешеси бар башка кызматкерлерди да аныктоо иштери уланууда.