“Барселона” Лионель Месси клубдан кете турганын тастыктады

“Барселона” Лионель Месси клубдан кете турганын тастыктады. Лионель Мессинин «Барселона» клубу менен түзүлгөн келишиминде ар бир сезондун аягында келишимди бир тараптуу бузууга мүмкүндүк берген варианты бар.

 

Өткөн сезондо  33 жаштагы Месси клуб менен жалпы 44 оюнга катышып, 31 гол киргизип, 26 жолу голдук пас чыгарып берген. Месси “Барселона” клубунун тарыхындагы мыкты бомбардир. Клуб менен футболчу 4 жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.