Өлкөнүн аймактарында Балдарды эртелеп өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, аларда балдар ата-энелери менен келип окутулат.
Учурда мындай борбор 10 жерде иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик органдары жана Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте алардын санын 100гө чейин жеткирүү пландалууда.