Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды.

Жалпысынан 24 билим берүү мекемеси аралыктан иштеп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, онлайн форматта иштеп жаткан мектептер

ордо калаанын бардык райондоруна тиешелүү. Муну менен катар аймактарда

80ге жакын класстын окуучуларына аралыктан билим берилүүдө. Белгилеп

кетсек, буга чейин бир окуучудан коронавирус аныкталса класс жабылат,

2 же андан ашык учур катталса мектеп карантинге жабылары айтылган.