Бишкектеги № 67 гимназия мектебинин окуучуларынын арасынан COVID-19 табылгандан
улам аталган билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылды.
Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коронавирусту жайылтпоо максатында шаардагы мектептерде бул оору аныкталса,
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен
алгоритмге ылайык карантинге жабылары маалымдалган.