“Арча-Бешик 2” конушунда жаңы мектеп пайда болот

“Арча-Бешик 2” конушунда жаңы мектеп пайда болот.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,

билим берүү мекемеси 500 орунга чакталат. Анда окуу корпусу, ашкана,

спорттук жана акты залдары, компьютердик класс, кол эмгек кабинеттери,

ошондой эле жабдуулары менен химия, физика, биология боюнча

лабораториялык класстар болот. Курулуш иштерине 1 миллион 230 миң

доллар багытталат. Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан

алынган насыянын эсебинен берилет.