Бишкектеги “Арча-Бешик” конушуна канализация тармактары орнотула баштады

Бишкектеги “Арча-Бешик” конушуна канализация тармактары орнотула баштады.

Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Бедибаев, Ойсул-Ата, Айылчиев,

Абдрахманов көчөлөрүндө аткарылат. Ошондой эле 12-көчөдөн 18-көчөгө чейин

орнотулуп жаткан тармак 200гө жакын үйгө туташтырылат. Анын узундугу 1,5 чакырымды түзөт.

Келишим боюнча курулуш иштерине дээрлик 3 миллион сом жумшалат.

Пландалгандай, иштер майдын аягына чейин жыйынтыкталат.