6 күндүн ичинде 47 түгөй никеге турууга арыз калтырды

6 күндүн ичинде 47 түгөй никеге турууга арыз калтырды.

Бул тууралуу Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынан novosti.kgге билдиришти.

Андан белгилешкендей, аталган мөөнөт аралыгында расмий түрдө 15 үй-бүлө ажырашты.

Буга чейин ордо калаада жарыяланган өзгөчө абал режимине байланыштуу никеге турууну

каттоо токтотулган. Мекеме 21-майдан тартып кайрадан мурдагы режимде иштеп жатат.