Кыргызстанда жыл башынан бери бензиндин баасы 42 пайызга көтөрүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери бензиндин баасы 42 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, дизелдик отундун наркы 28 пайызга кымбаттады.

 

Ведомство баалардын көтөрүлүшүн Россиядагы дүңүнөн кое берилген баалардын өскөнү менен байланыштырууда.

 

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте айдоочулар Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литрин 50 сом 50 тыйындан сатып алса, дизелдик отундун бир литри 45 сом 20 тыйынга барабар.