Ат-Башы районунда такси кызматкерлери дээрлик 4 чакырым жолду оңдошту.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган трасса Баш-Кайыңды жана
Ача-Кайыңды айылдарын бириктирет. Курулуш иштерине 170 миң сом сарпталды.
Аталаган аймакта 80 такси кызматкери бар. Алар шагыл сатып алып,
жолду тегиздешти. Айыл өкмөт техника жагынан камсыз кылды.