Бишкектеги Тарых музейи кирүүчүлөр үчүн качан ачылары белгисиз

Бишкектеги Тарых музейи кирүүчүлөр үчүн качан ачылары белгисиз.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей,

музейди ачуу маселеси талкууланууда. Эске салсак, музей 2016-жылы

оңдоп иштерине жабылган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги тарабынан

15 миллион доллар каржыланган. Бирок каражат туура эмес пайдаланылганы

аныкталып, иликтөө жүрдү. Каражатты мыйзамсыз пайдалуу боюнча кылмыш иши козголгон.