Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 26га жетти

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 26га жетти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2-сентябрда «Ата-Журт Кыргызстан», «Мекенчил Эл», «Адилет», «Ак Бата», «Социалист», «Тилектештик», «Аалам», «Ынтымак», «Күч биримдикте» жана «Азаттык» демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү», “Актив”, “Бийлик элге”, «Акыйкат Кыргызстан», «Ар-Намыс», «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы», «Ак Асаба” партиясы билдирме тапшырган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ага катыша турган партиялар билдирмесин БШКга 3-сентябрга чейин тапшырышы зарыл. Мындан сырткары бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталып, шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, 2021-жылдын 13-октябрында аяктайт.